http://ktrk.kg/Жарылуунун себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү

Жарылуунун себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү

3 Июнь , 16:34 378

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Темир жолундагы жарылуунун себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенконун айтымында суу кайнаткан технологиялык идиштер жарылган. 

Айта кетсек, 3-июнда эртең менен саат 8:50дө Логвиненко менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жарылуу болду. Кырсык жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын айланасында катталып, 4 киши ар кандай оор жаракат менен ооруканага жеткирилди.

"Жетекчиликтин буйругу менен кырсыктын келип чыгышын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Башкысы адамдын өмүрү кыйылган жок. Жабырлануучуларды тез жардам унаасы алып кетти. Жаракаттардын канчалык оор экенин ак халатчандар аныктайт. Жарылуу Лев Толстой 3 дарегинде катталды",- деп билдирди “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко.

Новости по дате