http://ktrk.kg/Аида Салянованын бөгөт чарасын бүгүн сот чечет

Аида Салянованын бөгөт чарасын бүгүн сот чечет

4 Июнь , 10:43 194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 4-июнда,  Бишкек  шаарынын  Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат. 

Мурдагы башкы прокурор  3-июнда,  Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы   боюнча   Ички иштер министрлигинде  сурак бергенден кийин 48 саатка кармалган.  

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп,  Россияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды. 

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов дагы   кармалган.

Новости по дате