http://ktrk.kg/Бишкектин айрым аймактарында 14-июнга чейин ысык суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 14-июнга чейин ысык суу жок болот

4 Июнь , 11:05 377

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 14-июнга чейин ысык суу жок болот. Мындай чектөөлөр «Газпром Кыргызстан» ЖЧК тарабынан жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу экенин бүгүн, 4-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык суу өчүрүлө турган аймактар:

- Патрис Лумумба №48-110;

- №110 бала бакча;

- Кустанай көчөсү №38, 40;

- Астрахань көчөсү №33;

- Красноводский жарым көчөсү №1А;

- Нарвская көчөсү;

- Профсоюзная көчөсү;

- Сельповская көчөсү;

- Жибек жолу №625.

«Бишкек жылуулук энерго» ишканасы 605 турак үйдү ысык суу менен камсыздайт. Коммуналдык ишкана жалпы 33 миң 189 адамга, 12 саламаттыкты сактоо мекемесине, 40 мектепке, 14 бала бакчага, 8 жогорку окуу жайга, 25 бюджеттик мекемеге жана 212 ар кандай колдонуучуларга кызмат көрсөтөт. Аталган ишкана борбор шаардын батыш бөлүгүндөгү абоненттерди тейлейт.

Новости по дате