http://ktrk.kg/Талашка түшкөн имарат

Талашка түшкөн имарат

4 Июнь , 13:43 289

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу Табалдиев көчөсүндө жайгашкан имаратта, Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун мед айымдары жатакана катары 1983-жылдан бери жашап келишет. 10 жылдан бери талашка түшкөн бул имаратта жашап келген жашоочулар нааразы болуп, мамлекет башчыдан жардам сурап, "Элдик репортерго" кайрылышкан.

Бул имаратты союз учурунда социалдык жактан аз камсыз болгон, айлык маянасы аз кызматкерлерге жатакана катары жашап тургула деп берилген. 30 жыл мурун соттук курулуш экспертизанын жыйынтыгы менен мурда талкаланып, жараксыз деп табылган. Бирок биз өкмөттүн жеке менчиги болгонун эске алып, 30 жылдан бери бул имаратты үй-жатакана катары колдонуп, урап калуу коркунучунда турган имаратты капиталдык оңдоолорду жүргүзүп сактап келе жатабыз. Бирок ушул имаратты бизден 10 жылдан бери талашып келишет. Биздин башка бара турган жерибиз жок. Эгер булар тартып ала турган болсо каякка барабыз? Соттор менен да соттошуп бүтө албай койдук. Барбаган жерибиз калган жок. Жашаган жерибизди көрөсөңүздөр такыр шартты жок. 1979-жылдан бери каралбай калган. 16 үй бүлө жашайт. Бир үй бүлө 1ден гана бөлмөдө бала бакырасы менен турушат. Электр энергиясын да кооптуу кылып ачык эле таштап кетишкен. Негизи бул имарат кардиологиянын баласында. Биз кардиологияда көп жыл иштегенбиз. Биздин деле эмгегибизди баалап, ушул маселени президентибиз чечип берсе жакшы болмок. Талашкандар көп, бул имарат кимге кызыкчылыгы бар билбейбиз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате