http://ktrk.kg/Орто-Сай базары качан ирээтке келет?

Орто-Сай базары качан ирээтке келет?

4 Июнь , 14:33 221

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарында башаламандык жөнгө салынбай келет. Базарга тез жардам, өрт өчүрүүчү унаасы кире албайт, ал эле эмес жөө адам аралап басканга жол жок. Эмне үчүн тийиштүү органдар ушундай нерселерди көзөмөлгө алышпайт? 

Базарда басканга жол жок. Соода кылган соодагерлер башаламан орун алып алышкан. Буга чейин Октябрь райондук админстрациясна кат аркылуу кайрылганбыз, карайбыз деп айтышкан. Бирок келип карашкан деле жок, тескерисинче мыйзамсыз орундар көбөйүп кетти. Булар эмне өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышабы? Базар качан ирээтке келет?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате