http://ktrk.kg/Казакстандан жашыруун ташылып келген күйүүчү майдын көлөмү өсүүдө

Казакстандан жашыруун ташылып келген күйүүчү майдын көлөмү өсүүдө

4 Июнь , 21:28 176

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери Чалдыбар-автожол көзөмөл өткөрүү жайында жалпы суммасы 6 миллион сомго жакын мыйзамсыз ташылган 316 тонна күйүүчү май кармалган. Адистер бул жылы коңшу Казакстандан жашыруун ташылып келген күйүүчү майдын көлөмү өскөнүн белгилейт. Колго түшүрүлгөндөрдү мамлекеттик чек ара кызматы тиешелүү органдарга өткөрүп берет.

Өлкө аймагына керосин, дизель, сыяктуу күйүүчү май унаа менен ташылса;

- Коштоочу документтери болушу шарт;

- Мунай заты коопсуз идиште сакталып, чек арадан алып өтүүчү айдоочу же жүк кабыл алуучунун салык төлөгөнүн тастыктаган документтеринин болушу зарыл;

Чек араны өтүп бараткан айдоочуда күйүүчү майдын ЕАЭБдин техникалык регламентинде көрсөтүлгөн жашыруун сыр белгиси болот. Бирок документте көрсөтүлгөн код менен товар бири-бирине дал келбеген учурлар катталат. Мындай амалкөйчүлүк чегарачы тереңирээк текшере келгенде аныкталат.
Тиешелүү кагазы жок күйүүчү майдан сырткары дагы башка тыюу салынган товарларга көзөмөл жүрөт. Лори аттуу ит 4 жашта. Ал чегарачы иттер арасында өткөрүлгөн түрдүү сынактарда биринчи орунду ээлеп жүрөт. Ээси баалаган сапаты-чоочун кишини чочутуп капыстан үрбөйт. Көбүнчө баңгизатын чегарадан алып өтүүгө аракет кылгандарды аныктайт.

Дипломатиялык уюмдардын кызматкерлери, евробиримдикке кирген мүчө мамлекеттердин уюм кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар чегарадан өзү менен кошо 20 литр бензин алып өтсө болот. Мыйзамга ылайык бир киши чегараны бир күндө бир жолу өтүүгө укуктуу. Ал эми унаага чектөө коюлган эмес. Айрым жергиликтүүлөр мындан да майнап чыгарат. Бир канча киши чогулуп ар бири бир унаа менен чегарадан 20 же андан көбүрөөк көлөмдө күйүүчү май ташып оокат кылат.
Жыл башынан бери мамлекеттик чегара кызматы жалпы суммасы 6 миллион сомго жакын 316 тонна күйүүчү майды көмүскө жол менен баратканда кармаган. Колго түшүрүлгөн мыйзам бузуучулардын унаалары териштирүү бүткөнгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү мамлекеттик органдар иш алып барат. 2019-жылдын биринчи кварталында кармалгандарга карата кандай чара көрүлгөнү тууралуу маалымат азырынча мамлекеттик чегара кызматында жок.

Новости по дате