http://ktrk.kg/ШКУ саммитине карата Бишкекти жашылдандырууга артыкчылык берилди

ШКУ саммитине карата Бишкекти жашылдандырууга артыкчылык берилди

4 Июнь , 21:09 912

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата Бишкек шаары дээрлик даяр болуп калды. Жаз башталгандан тарта эле көрктөндүрүү иштери тынымсыз жүрүп, ага катар жолдор кеңейтилип, калаа көчөлөрү ар кандай композициялар боюнча кооздолуп жасалгаланды.

"Манас" аэропорту тараптан келе жатканда көзгө алгач эле Бишкектин кире беришиндеги Аска-Таш дарбазасы көзгө урунат. Бул жер Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата жасалгаланган негизги курулуштардын бири. “Кош келиңиздер” деген жазуулар алмашып, кошумча жарыктандыруу жумуштары жүргөн. Жасалгада этностилге маани берилгенин мэриянын өкүлдөрү белгилешти. Чет өлкөлүк делегациялардын кортеждери өтчү жол дагы талапка жооп бериши кажет. Ушул күндөрү меймандар басып өтчү көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул ирет маанилүү учур эске алынган. Буга чейин шаардын кире беришиндеги жаңы автобекет тарап кууш болчу. Эми Фучик көчөсүнөн автобекетти көздөй жол эки эсе кеңейтилип, аны менен кошо жөө адам басчу тилке оңдоп түзөлүп, жарыктар коюлду.

Жаздын келиши менен муниципалдык кызмат Бишкекти жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин баштаган. Борбордук көчөлөргө гүлдөрдүн түрлөрү тигилип, аларды жасалгалоого да өзгөчө көңүл бурулган. Мындан сырткары быйыл Филармониянын алды толук ремонттолуп, эски брусчаткалар жаңысына алмаштырылды. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын тегерегиндеги театралдык сейил бакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Шаар көчөлөрүнө таш бака жана ак барстын инсталяциалыр орнотулган.

Бул арада Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин расмий бөлүгү өтө турган №1 Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы даярдык иштери соңуна чыгып калды. Анда тар жана кеңири курамдагы жыйындар өтө турган залдар, меймандардын жатаканасы жана ашканалар оңдоодон өткөрүлүп, ага катар жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштерине да өзгөчө көңүл бурулган. Биринчиден сапатка көңүл буруу талабы коюлган.

Даярдык иштеринде борбор калааны жашылдандырууга артыкчылык берилди. Эл аралык маанидеги иш-чара өткөн күндөрү калаада куттуктоо сөздөрү жазылган жазуулар, байрактар илинет. Бишкек мэриясы саммитке 95 пайызга даяр экендиктерин билдиришти.





Новости по дате