http://ktrk.kg/Оор жүк ташуучу чоң унааларга чектөө киргизилет

Оор жүк ташуучу чоң унааларга чектөө киргизилет

6 Июнь , 11:00 385

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу чоң унааларга саат 9дан кечки 8ге чейинки убакта Кыргызстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынат. Тиешелүү буйрукту Унаа жана жолдор министрлиги чыгарды. 

Мындай кадамга баруу менен унаа жолдорун сапаттуу пайдалануу мөөнөтү узартылат. Жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр күндүзгү температура 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Маалым болгондой, бул убакыт аралыгында салмагы 25 тоннаны түзгөн ири габариттүү жүк ташуучу унаалар жолдо жүрө албайт. 

Ал эми чектөөлөр жүргүнчү ташуучу, гуманитардык жардамдарды жеткирген унааларга, ошондой эле уруксаат берилген кооптуу жүктөрдү ташыган жана аталган министрликке тиешелүү жолдордун ремонтун жасап жаткан унааларга киргизилбейт.

Новости по дате