http://ktrk.kg/Орок айылында жергиликтүү эл кайрадан чогулууда (видео)

Орок айылында жергиликтүү эл кайрадан чогулууда (видео)

6 Июнь , 14:31 420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү эл кайрадан чогулууда. "Ала-Тоо 24" каналынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, айыл аксакалдары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Абалды күч органдары да көзөмөлгө алышууда. 

Эске салсак, 5-июнда Сокулук районундагы Орок айылында жергиликтүү тургундар ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжалдын чыгышына 2 өспүрүмдүн сабалышы себеп болгон. Милиция чыр-чатакка катыштыгы бар деп 32 адамды кармап, алардын 31 адамы кайра бошотулган. Бирөө убактылуу кармалууда. 


Новости по дате