http://ktrk.kg/Ош: мектеп, бала бакча бар жолдо тротуар жок

Ош: мектеп, бала бакча бар жолдо тротуар жок

6 Июнь , 16:50 243

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарынын тургуну тротуар жоктугуна нааразы болуп "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган. Анын айтымында,

Ош шаарындагы Тилекке-Батыр көчөсү менен Жеңишбек Шамшиев көчөсүнүн кесилишинде №107 маршрутка каттайт, унаалар өтөт. Бирок эмнегедир тротуар курулган эмес. Жол чырактары да орнотулган эмес. Жол абдан эле тар болгондуктан, эки унаанын өтүүшү кыйын. Бири өткөндө бири токтоп күтүп турат. Жолдун четине унааларын токтоп койгондо башка унаалар өтө албай убара тартышат. Адам басканга жол жок. Балдарыбыз үчүн абдан эле кооптуу. Себеби жолдун бир тарабында мектеп бар, бир тарабында бала бакча бар. Ош шаарынын мэри бул маселеге көз салып, тротуар салып берсе жакшы болмок. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате