http://ktrk.kg/Бишкек даражалуу меймандарды тосууга даяр

Бишкек даражалуу меймандарды тосууга даяр

6 Июнь , 20:07 151

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине соңку даярдыктар көрүлүүдө. Отурумда коопсуздукту биргелешип камсыз кылуу, экономикалык алака, маданий-гуманитардык байланышка багытталган бир катар документтерге кол коюлат. Саммитти утурлап өлкө лидерлеринин сапарлары да болжонду. Буга чейин келет деп айтылып жаткан даражалуу меймандардын катарына Монголия президенти да кошулду. 

Июнь айынын дал ортосунда дүйнөнүн назары Бишкекке бурулат. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Кытай лидеринин мамлекеттик визити, Пакистан президенти менен Индия өкмөт башчысынын расмий визити тышкы саясат үчүн маанилүү окуялар катары күтүлүп жатат. Ондогон документтерге кол коюлуп, кызматташуунун көптөгөн багыттары боюнча алака артат деген үмүт бар

Новости по дате