http://ktrk.kg/ Каттоо кызматын модернизациялоо - бул коррупция менен күрөшүү

Каттоо кызматын модернизациялоо - бул коррупция менен күрөшүү

6 Июнь , 22:45 374

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик маанидеги документтерди жаңы үлгүдө чыгара баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Мекеме жетекчисин бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, өлкөнүн каттоо-эсепке алуу системасын өнүктүрүү жана оптимизациялоонун жолдору талкууланды. 

Президент “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” Түндүк системасын жана электрондук башкарууну өнүктүрүү мамлекеттик каттоо кызматынын негизги милдети болушу керек деди. Айтымында, жарандар үчүн кызматтардын сапатын жакшыртып, каттоонун бирдиктүү натыйжалуу системасын түзүү маанилүү. Өлкө башчысы аймактарда маалыматтык күркөлөрдүн тармагын өнүктүрүп, мамлекеттик кызматтардын облустардагы калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатып, убакыт чыгымдарды жана коррупциялык схемаларды азайтуу максатында керектөөчүлөр менен каттоо органдарынын кызматкерлери ортосундагы байланышты болушунча азайтуу боюнча милдеттер коюлду.
 

Новости по дате