http://ktrk.kg/Кыргызстанда "Балдардын оюн кербени" өтөт

Кыргызстанда "Балдардын оюн кербени" өтөт

7 Июнь , 10:07 386

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын жети облусунда бир ай бою "Балдардын оюн кербени" өткөрүлөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, 6-июнда Ошто башталган иш-чара 6-июлга чейин Кыргызстандын 20 шаарын кыдырат. Муну Маданият министрлиги, БУУнун Балдар фондусу, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги биргелешип уюштурууда. Долбоордун алкагында спорттун 25 түрү боюнча оюндар өткөрүлөт. 

Ошондой эле, Муса Жангазиев атындагы куурчак театры "Керемет көч" мультфильминин каармандарынан алынган "Туулган күн" аттуу спектаклин тартуулайт. Оюндун максаты балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы тереңдетүү, спортту балдар арасында жайылтуу жана өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу болуп жатат.


Новости по дате