http://ktrk.kg/Эстрада ырчылары "Устатыбызды колдойлу" кайрымдуулук концертине чакырат

Эстрада ырчылары "Устатыбызды колдойлу" кайрымдуулук концертине чакырат

7 Июнь , 15:37 421

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз эл артисти Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу учурда татаал дарылануудан өтүүгө муктаж. Дарыланууга каражат топтоп, жардам берүү максатында артисттин чыгармачылыктагы кесиптештери, Кыргызстандын эстрада ишмерлер союзу кайрымдуулук концертин уюштурууда. Бул тууралуу жубайы Асель Осмонова билдирди. 

Юрий Бобковдун оор жаракаттан ийни жанчылып, көп жеринен сынып кеткен. Буга чейин эки ирээт операция жасалган, учурда үйдө дарыланып, абалы туруктуу оор бойдон калууда.  

Артисттин кесиптештери 8-июнь күнү кечки саат 19:00дө өтүүчү "Устатыбызды колдойлу" кайрымдуулук концертине чакырат. Кыргыз маданиятын, тилин өнүктүрүүгө чоң салымын кошкон инсан Юрий Бобковдун ден соолугуна кайдыгер карабаган бардык жарандарыбызды кайрымдуулук концертине чакырабыз.

Концертке билеттер Спорт ордосунун кассасында 200 сомдон сатылууда. Кайрымдуулук концертине Гүлшайыр Садыбакасова, Сыймык Бейшекеев, Алтынай Нарбаева, Гульнара Тойгонбаева, Расул Маматкулов ж.б. ырчылар катышып, Салима Балтаева менен Ырыс Жоомартова концертти алып барат.

Каалоочулар "Эльсом" 0 708 60 68 70 номери аркылуу каражат которсо болот.

   


Новости по дате