http://ktrk.kg/Ордо калаадагы жеткинчектердин эс алуусуна кандай шарттар түзүлгөн?

Ордо калаадагы жеткинчектердин эс алуусуна кандай шарттар түзүлгөн?

7 Июнь , 22:53 917

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте мектептин карамагындагы жайкы эс алуу лагерлери иштей баштады. Бул жылы башталгыч класстын окуучуларынын эс алуусуна шарт түзгөн программа 37 мектепти камтыды. Ошондо жалпы 3 жарым миң окуучу эс алат. 

Июнь айынан тарта Кыргызстандагы миңдеген мектеп окуучулары үч айлык жайкы каникулга чыкты. Колунда барлар балдарын алыскы чет мамлекеттерден тарта өлкө ичиндеги айтылуу эс алуу жайларына жиберүүгө камданса, орто катмардагы үй-бүлөлөрдүн айрымдары эс алдыруу тууралуу ойлонгон деле жок. Андыктан ар бир ата-эне балдардын эс алуусун канткенде кызыктуу уюштуруу керек деп ойлонуп турган мезгил.

Дал ушул максат менен ордо калаа мэриясы шаардагы 37 мектептин карамагында балдардын эс алуусун уюштурган. Анын алкагында балдар ар кандай ийримдерге катышып, ошондой эле учурда ар кандай маданий жүрүштөргө чыгып, бассейндерге барышат.

Мектептин алдында лагерлер июндун 3 үнөн баштап 28 ине чейин уюштурулган. Ошондо эс алуу жайларында эртең мененки саат 8 ден түшкү саат 2 ге чейин убакыт өткөрөт. Бул жолку эс алуу лагерлеринде жалпы жонунан 1-класстан 4-класска чейинки 3 миңден ашык бала эс алууда.

Буга кошумча 25-мектеп былтыр көп жылдык ремонттоо иштерине кийин колдонууга берилген болчу. Бул жерде да шаардагы 3 мектептен келген 170 окуучу эс алууда.

Жайкы лагердин алкагында балдар ошондой эле ден соолукка кам көрүү процедураларында тиш, кулак, көздү кантип күтүү керектиги тууралуу адистердин кеп-кеңештерин угушат. Ар кандай аңгемелешүүлөргө, конкурстарга, улуттук оюндарга катышып, оюн менен билимин айкалыштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан сырткары июнь-июль айларында социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн 400 гө чукул балдарына жана окуунун алдыңкыларына Ысык-Көлдүн жээгинде ден соолукту чыңдоочу лагерин уюштуруу пландалууда.



Новости по дате