http://ktrk.kg/Балыкчы: батуттан жабыркаган балдардын биринин абалы оор

Балыкчы: батуттан жабыркаган балдардын биринин абалы оор

10 Июнь , 10:11 362

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балыкчы шаарында 9-июнда катуу шамалдан улам балдар секирип ойноп жаткан батут оодарылып кетти. Окуядан жабыркаган үч жашар кыз реанимацияга түшүп, анын беш жаштагы эжесинин буту сынган. 

Ооруканага жалпысынан бул күнү төрт бала келип түшкөн. Буту сынган кыздын абалы туруктуу, ал эми анын сиңдиси дароо реанимацияга жаткырылган. Абалы турукташып калгандан кийин аны Бишкекке которуу маселеси да каралууда. Эже-сиңдиден сырткары ооруканага түшкөн дагы эки бала дарыгерлердин кароосунан өткөн соң үйлөрүнө коё берилген. Окуя Балыкчы шаарынын Соң-Көл кичирайонунда болгон.

Новости по дате