http://ktrk.kg/Аймактагы коопсуздуктун негизги куралы катары ШКУнун мааниси чоң

Аймактагы коопсуздуктун негизги куралы катары ШКУнун мааниси чоң

10 Июнь , 13:32 191

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте, «Аймактагы коопсуздуктун негизги куралы катары ШКУнун мааниси» деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол Бишкекте 14-июнда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин утурлай уюштурулган. 

Иш-чаранын катышуучулары терроризмге каршы бирдиктүү глобалдык фронт түзүүнүн зарылдыгын жана ШКУнун курамындагы мамлекеттердин, ЖККУнун, ЕАЭБдин кызматташтыгындагы негизги багыттарды талкуулап, келерки саммиттин жыйынтыктары тууралуу кеп кылышты. Пикир алышууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Тышкы иштер министрлигинен өкүлдөр, экономист жана саясат таануучулар, серепчилер чогулган. ШКУнун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке 11 өлкөнүн башчысы келет. 

Жыйындын соңунда 20га жакын биргелешкен документке кол коюлат. Саммит 14-июнда Бишкекте өтөт, 13-июнда кечинде коноктор үчүн гала-концерт жана көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулат.

"ШКУ биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул уюмга калкы көп Кытай, Инидия, Пакистан жана башка өлкөлөр кирет. Алар экономикалык жактан, дегеле бардык багытта кызматташууга аракет көрүшөт. Алардын катарында Кыргызстан дагы бар",- деди саясат таануучу Эдил Осмонбетов. 

Новости по дате