http://ktrk.kg/Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине миңден ашык конок келиши күтүлүүдө

Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине миңден ашык конок келиши күтүлүүдө

10 Июнь , 9:30 360

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Меймандардын алды 12-июнь күнү келе баштайт. Учурда Бишкек саммиттин катышуучуларын кабыл алууга кызуу даярданып жатат. Дагы эки күндөн кийин "Манас" аба майданы дүйнөнүн чар тарабынан учактарды кабыл ала баштайт. 

Аба майдандагы даярдыкты Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев барып көрдү. Ал тиешелүү ишканалардын өкүлдөрү менен кеңешип, сунуштарын укту. Журналисттердин пресс-туру андан ары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында уланды. Бул жердеги даярдыктар менен Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турдуназир Бекбоев тааныштырды. 

Алгач эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн конок үйлөрүн көрсөттү. Коноктор келишине дагы 2 эле күн калды. Мамлекеттик резиденциядагылар буту-бутуна тийбей иштеп атышыптыр. Ак мрамордон курулган бастырмага подиумдар коюлуп, жолдор жана унаа токтотуучу жайлар кеңейтилип, гүлдөр эгилип, желектер илинип, КТРКнын 3 көчмө станциясы камераларын коюп, зымдарын улап жатат.




Новости по дате