http://ktrk.kg/Өлкөнү санариптештирүүгө уюлдук компаниялар салым кошот

Өлкөнү санариптештирүүгө уюлдук компаниялар салым кошот

10 Июнь , 20:30 439

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алар жалпы өлкө боюнча интернетти жеткиликтүү кылышы керек. Уюлдук операторлор ошондой эле мамлекеттик органдардын өз ара документ алмашуусун камсыз кылган “Түндүк” тутумуна кошулууну максат кылууда.

Калкка кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу өлкөнү санариптештирүүнүн негизги максаты. Бирок аны интернетсиз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Жалпы өлкө боюнча арзан жана үзгүлтүксүз интернетти жайылтууга уюлдук компаниялар жардамдашат. Санариптик технологияны колдонуу ыкмаларын өздөштүрүүдө да уюлдук операторлордун мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат.

Электрондук капчык, электрондук төлөм дүмүрчөгү сыяктуу санарипке ылайыкталган колдонмолор калк арасында кеңири жайыла баштады. Бул байланыш кызматын көрсөткөн ишканалар үчүн да маанилүү. Эми акча которууларды банкка барбай эле аткара турган шарттарды түзүү максат кылынууда. 




Новости по дате