http://ktrk.kg/Кыргызстан-Кытай: жаңы үлгүдөгү сыналгы чыгаруучу завод ачылат

Кыргызстан-Кытай: жаңы үлгүдөгү сыналгы чыгаруучу завод ачылат

11 Июнь , 22:06 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын эркин экономикалык аймагы дагы бир ири ишкана менен толукталат. Кытайдын Сиань шаарынын эл аралык соода логистикалык борбору аймакта жаңы үлгүдөгү сыналгы жана анын маниторлорун чыгаруучу заводду ишке киргизүүнү мерчемдеди. Тиешелүү меморандумга бүгүн Бишкектин эркин экономикалык аймагынын жана Синаь шаарынын жетекчилиги кол коюшту.

Бишкек эркин экономикалык аймакта жыл соңуна чейин дагы бир ишкана пайда болмокчу. Ал жаңы үлгүдөгү сыналгы жана анын маниторлорун чыгарат. Аймактар аралык кызматташуу меморандумуна Кытайдын Сиань шаарынын жана Бишкек экрин экономикалык аймагынын жетекчилиги кол коюшту.
Кытайдан келген жоон топ делегация Сиань шаарынын эл аралык соода логистикалык борборунун өкүлдөрү. Кызматташуу меморандумуна кол коюу иш-чарасы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинин алдында уюштурулган. Кытай ишкерлери Кыргызстанда бизнес үчүн түзүлгөн шарттар аларды толук канааттандырарын билдиришти.

Сиань шаарынын эл аралык соода логистикалык борбору Кыргызстан менен электрондук жабдыктарды өндүрүү жаатында кызматташсак болот. Биздин борбордо 12 миңден ашык ири жана майда компаниялар иштейт. Биз аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырабыз. Товар ташуу үчүн транспорт логистиканы өнүктүрүү да маанилүү маселе.

Айтмакчы тараптар, чийки зат, ошондой эле өндүрүлгөн товарларды жеткирүүнүн жеңил жолдорун карап чыгуу тууралуу сүйлөштү. Сиань шаарындагы портто атайын кампа куруу жана ал аркылуу Бишкек эркин экономикалык аймагында өндүрүлгөн товарларды дүйнөлүк базарга чыгаруу аракеттери көрүлмөкчү.


Новости по дате