http://ktrk.kg/ШКУ саммити: конокторго кыргыздын улуттук тамактары тартууланат

ШКУ саммити: конокторго кыргыздын улуттук тамактары тартууланат

11 Июнь , 22:51 464

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ШКУнун саммитине келген даражалуу конокторго кыргыздын улуттук тамактары тартууланат. Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын ашпозчулары азык-түлүгүн камдап, чык куюп, дасторконун даярдап жатышат. 

Бул кыргыз тоолорунун бант суусунда өскөн форель. Кадуусу катуу белдерди кыялап аккан дарыялардын балыгы бардык экологиялык талаптарга жооп берет. Чык аралашып даярдалган форель Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине келе турган президенттерге тартууланат. Аны ашпозчу Виктор Цой даярдайт. Ал ар бир лидердин табитин жакшы билет.

Кыргыз менюсунун өзгөчөлүгү да, сыры да мына ушул азык-түлүктө. Мөмө-жемиштердин баары Кыргызстандыкы жана экологиялык жактан таза. Жадагалса, ар түрдүү татымалдар жана жыпар жыттуу чөптөр дагы өзүбүздө өсөт. Бир гана зайтун майы Кыргызстанда өндүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу сырттан алынып келет. Дасторкон жаюу маданиятына да өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы, ысылык менен салаттар негизги тамак салынган талиңкеге жакын турушу керек.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУнун саммитине акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Резиденцияга бир күндө эле 10 делегация келет. Буга байланыштуу автонулаардын саны эске алынып, кошумча өтмө жолдор курулуп, асфальтталып, унаа токтотуучу жай 500 автоунаа бата тургандай кеңейтилди. Тротуарлар салынып, жарыктандыруу жакшырды. Ирригациялык тутум да жаңыртылган. Ал эми конок үйлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Улуттук оймо-чийменин элесин берген аянтчаларга отургузулган түркүн түстүү гүлдөр мындагы теребелди ого бетер көркүнө чыгарып турат. Мамлекеттик резиденция эртең, 12-июнда алгачкы даражалуу конок, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы тосуп алат. 



Новости по дате