http://ktrk.kg/ШКУ саммитине карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

ШКУ саммитине карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

11 Июнь , 22:47 346

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана бир катар өлкө башчыларынын визитине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Ички иштер министрлиги 12-15-июнь күндөрү Бишкектин борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылаарын эскертүүдө.

Даражалуу меймандар тосуп алына турган “Манас” аэропортунда да саммитке карата кызуу даярдык көрүлдү. Аба майдандан шаарды көздөй жол тартышаарын эске алып, дал ушул каттам өзгөчө кайтарууда болот. Алыска кете турган же жакындарын тосуп алуу үчүн аэропортко барчу жарандар жолдогу чектөөлөрдү эске алышы керек. “Манас” аэропортунан Бишкекке кетчү жол менен бирге баш калаанын борбордук көчөлөрүндө да унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Мындай коопсуздук чаралары 12-15-июнь күндөрүнө белгиленүүдө.

Борбордук көчөлөрдүн жол четинде унаалардын ушинтип баш-аламан токтотулганын ар күн сайын көрүүгө болот. Бирок саммит учурунда мындай көрүнүшкө жол берилбейт. Туура эмес токтотулган унаалар ташылып, көчүрүлүп турат. Бул үчүн борбор калаада 12 эвакуатор иштейт.

Жолдордун маал-маалы менен жабылышы коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан жалгыз чара эмес. Жалпы эле тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Учурда мамлекет башчылары боло турган объекттер да текшерилип, кайтарууга камылга көрүлүп жатат.




Новости по дате