http://ktrk.kg/Кытай ишкерлери азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар

Кытай ишкерлери азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар

12 Июнь , 10:51 425

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытай ишкерлери Кыргызстанда азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар.  

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Цзянсу Кытай эл аралык техникалык кызматташуу компаниясынын директору Ванг Бин Чейрмен баштаган ишкерлер менен жолугушуусунда белгиленди. 

Жолугушууда  тараптар  азык- түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана азык-түлүктөрдү сактоочу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча пикир  алышты.

Кыргызстан 2018-жылы Кытайга алча экспорттогон. Быйыл коон жана башка азык-түлүктөрдү  чыгаруу  пландаштырылууда.   

Новости по дате