http://ktrk.kg/Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамабыз Россияда машыгууда

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамабыз Россияда машыгууда

12 Июнь , 9:27 518

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Россияда машыгууда.  

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Мадина Надирова дүйнө чемпионатына, калгандары  жаштар арасындагы Азия чемпионатына даярданып жатышат. 

 Дүйнө чемпионаты 14-22-сентябрь күндөрү Казакстанда өтүп,  Токиодогу Олимпиада оюндарына жаңы лицензиялар ойнотулат. 

Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионаты Таиландда өтөт.  Машыгуулар  22-июнда аяктайт.

Новости по дате