http://ktrk.kg/Жарандык коргонуунун жобосу бекиди

Жарандык коргонуунун жобосу бекиди

13 Июнь , 11:08 235

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө Жобо бекитилди.

Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоону жакшыртуу максатында кабыл алынган. Жарандык коргонуу чөйрөсүндө окутуу катышып жана тыштан окуу түрүндө уюштурулат. Окутуу милдеттүү түрдө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан жүргүзүлөт.

Калктын ар түрдүү топторун кеңири камтуу максатында окутуу калктуу аймактарда жана уюмдарда Борбордун окутуучуларынын көчмө окуулары аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.

Уюмдардын жетекчилеринин, кызмат адамдарынын жана Жарандык коргонуу тармагындагы адистердин, ошондой эле жалпы жана кесиптик билим берүү мекемелеринин «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери» окуу курсунун жана «Турмуш-тиричилик коопсуздугу» окуу дисциплинасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жылына бир жолу жүргүзүлөт. Жарандык коргонуу түзүмүнө байланыштуу кызмат орундарына алгачкы ирет дайындалган адамдар үчүн Жарандык коргонуу тармагында окутуудан өтүү иштеп баштаган жылы милдеттүү болуп саналат.


Новости по дате