http://ktrk.kg/Кыргызстан менен Кытай президенттеринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Кыргызстан менен Кытай президенттеринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

13 Июнь , 11:10 232

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки Мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Новости по дате