http://ktrk.kg/Кыргызстандын командасы Россиядагы көк бөрү боюнча эл аралык турнирден жеңди

Кыргызстандын командасы Россиядагы көк бөрү боюнча эл аралык турнирден жеңди

13 Июнь , 18:20 524

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көк бөрү боюнча кыргызстандык команда Россиядагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды. Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналган көк бөрү боюнча эл аралык турнир  12-июнда Сергиев Посад шаарында өттү. Анда  Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн командалары күч сынашты.  Кыргызстандан «Атуул» командасы  жарым финалда Москва командасын утуп алды.  Финалдык  таймашта   Тажикстан командасын 6:1 эсеби менен жеңди.



Новости по дате