http://ktrk.kg/Кыргыз-кытай ишкерлери катышкан бизнес форум ийгиликтүү аяктады

Кыргыз-кытай ишкерлери катышкан бизнес форум ийгиликтүү аяктады

13 Июнь , 23:04 342

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери катышкан бизнес форумда 25 документке кол коюлду. Анда камтылган долбоорлорду ишке ашырууга 7 миллиард 700 миллион доллар жумшалат. Инвестиция айыл-чарба, тоо-кен, курулуш жана башка тармактарга тартылаары күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин форумуна расмий өкүлдөр менен бирге 300дөй адам катышты. Кыргызстан менен кызматташууга ниет кылган Кытайдын 80ден ашык компаниясынын жетекчилери келди. Өкмөт аларга өлкөдө инвестициялык шартты жакшыртууга зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди. 


Новости по дате