http://ktrk.kg/ Кызыл-Кыя: Эскилиги жеткен Бакыт үйү качан оңолот?

Кызыл-Кыя: Эскилиги жеткен Бакыт үйү качан оңолот?

14 Июнь , 12:07 258

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Бакыт үйү капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж. Автордун айтымында, 

Имараттын ички көрүнүшү өтө эле начар, терезе пардалары эскирип, өңүнөн кеткен, полдору тешилип калган. Мекеме 1 эле кабат болгондуктан ичи тар. Союз учурунан бери бир да жолу оңдоо иштери жүргөн эмес. Талапка жооп бербейт. Никесин каттого келген жаштар иренжип кетишет. Мэрия такыр көңүл бурбайт. Ал эми бул жактын жетекчиси элге орой мамиле кылат. Заманбап кылып оңдоп коюшса,- деген автор, видеосу менен бөлүшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате