http://ktrk.kg/Сокулук: аягына чыкпастан орто жолдо калган жарыктандыруу иши

Сокулук: аягына чыкпастан орто жолдо калган жарыктандыруу иши

17 Июнь , 13:57 178

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулук районундагы Калинин көчөсүндө жарыктандыруу иштери жүргөн. Бирок белгисиз себептерден аягына чейин чыкпай калган. 

Автордун айтымында, Бул жолдон унаалар тез-тезден каттайт. Жолу да начар. Оюлуп калган. Көчөгө жарыктарды орнотушкан, бирок аягына чыкпастан, көчөнүн жарымына чейин эле жарыктандырып, калганын калтырып коюшкан. Кечинде бул жактан балдар менен басыш кооптуу болуп жатат. Себеби капкараңгы эч нерсе көрүнбөйт, унааларда оюлган жолдон качып, эл баскан тротуар менен айдашат. Айыл өкмөтүбүз такыр иштебейт. -деп ачууланган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате