http://ktrk.kg/Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара менен кармалды

Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара менен кармалды

17 Июнь , 17:32 589

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын бөлүм башчысы 14 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал Бишкектеги базарлардын бирине соода кылууга уруксат берүү үчүн үч айдан бери М.А. аттуу жеке ишкерден мыйзамсыз акча талап кылып келген. 

Буга нааразы болгон ишкер арызы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, мыйзамсыз акча талап кылып жаткан калаадагы Октябрь акимиатынын кызматкерине чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Кармалган кызматкер ордо калаада №1 убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Новости по дате