http://ktrk.kg/Талас: каналга суу келбей эгиндери куурап жатат

Талас: каналга суу келбей эгиндери куурап жатат

17 Июнь , 18:09 310

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусунун Талас району, Манас, Кара-Суу, Беш-Таш, Калинин, Чат-Базар айылдарынын эгиндерине суу жетпей куурап жатат. Кайырма каналына суу келбей жатканына байланыштуу талааларга сугат жетпей, эгиндери куурап баратканына кабатыр болгон дыйкандар, рубрикага билдирүү жиберген.

Эгинге суу жетпей дыйкандар убара тартып жатышат. Суу чарба департаментине кайрылганыбыз, жыйынтык жок. Сууну каналга апрель айында эле бергенде эмдикиче 2 суугатты баштап калмакбыз. Мына минтип картошка, буурчак, чөптөрүбүз куурап жатат. Быйыл суунун жетишпестигинен эгинин бир да жолу суугара электер бар.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате