http://ktrk.kg/Исфана: тазаланбаган оорукананын дааратканасы

Исфана: тазаланбаган оорукананын дааратканасы

19 Июнь , 13:28 281

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын ооруканасынын сырттагы дааратканасы кейиштүү абалда. Даараткана бир да жолу тазаланган эмес. 

Даараткананын ичи да сырты да өтө эле начар абалда. Тазалык жок. Ашканадан 20 метр алыстыкта жайгашкан. Киргенге мүмкүн эмес. Толуп калган. Күн ысыганда жагымсыз жыт күч алып, ыңгайсыздык жаратып жатат. Ооруканадагы бейтаптар оору менен күрөшпөй, инфекция менен күрөшүүдө. Авариялык абалга келгени зээнди кейитет. Бул дааратканага күнүгө канчалаган адамдар кирет. Жаңы даараткана салынып берилет дегенине 2 жыл болду, дайын жок. Оорукананын дааратканасы таза болуш керек элего, себеби бул жерге бейтаптар кирет да,- деген автор видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате