http://ktrk.kg/Салык кызматы “Ак-тилек” өткөрмө бекетининдеги абал менен таанышты

Салык кызматы “Ак-тилек” өткөрмө бекетининдеги абал менен таанышты

19 Июнь , 20:40 157

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу Кыргызстандын чек арасынан өлкөгө товарларды киргизүү алда канча жеңил. Бирок ошого карабай мыйзамды айланып өткөн жүк ташуучулар да бар. Бул жагдайда көзөмөлдөөчү органдардан турган мобилдик топ ушул тапта 300гө жакын фактыны иликтөөдө. Мамлекеттик салык кызматы “Ак-тилек” өткөрмө бекетине барып, жагдай менен жеринен таанышты.

5 күндөн бери жол жүрүп отуруп Илья Мигелёв Кыргызстанга аман-эсен жетип алды. Айдоочу Москва шаарынан тиричилик техникаларын жүктөп келген. “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги текшерүүдөн өттү. Тагыраак айтканда, талап кылынган документтеринин бары жайында.
Эгер көзөмөл жайына келген учурда бардык документтер жайында болсо, текшерүү көп болсо 5 мүнөткө гана созулат. Жыл башынан бери мындай кошумча документтерден эле 45 миңден ашык учур текшерүүдөн өткөн. Бирок мындай учур дайыма эле боло бербейт. Айрым жүк ташуучулар товарды каттоосуз киргизүүгө аракет кылышат. Ар кандай мыйзамсыз иштер менен алектегендердин аракетинен өлкө бюджетине акча түшпөй калууда.

Чек ара бекетинин убактылуу текшерүү постуна 2 чакырым жетпей, айланып өтүп кетүүчү жол бар. Дал ушул каттам аркылуу жүк ташуучулар түн ичинде же кеч кирээри менен айыл аралап айдап өтүп, салык төлөөдөн качып кетишет. Жол жээгинде оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыйуу салынат, болбосо айып төлөйсүң деген белги турганына карабай, бул жол аркылуу айланып өтүүчү жолго чыгып кетишет. Дал ушундай кенебестик менен качып өтүп жаткан учурлар былтыркы жылдын октябрынан тартып эле 100 дөн ашты. Алардын көбүнчөсү ун жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды ташып бараткандар.

Ушул тапта импорттук товарларды өткөрүү бекеттери өлкө боюнча «Ак-Жол», «Чалдовар», «Чон-Капка» жана “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери аркылуу ишке ашат. Негизинен товарлардын 80 пайызы дал ушул “Ак-Тилек” аркылуу кирет. Негизинен товар өткөрүүдө кандайдыр бир чектөөлөр деле жок. Акыркы 5 ай аралыгында мамлекеттик салык кызматы 30 млрд сомго жакын салык жыйнады. Анын ичинде кыйыр салыктын эсебинен 9 млрд 166 млн сом чогулган. Ал эми импортко кошумча нарк салыгы 6 млрд сомдон ашат, импортко акциздин суммасы болсо, 2 жарым млрд сомдун тегерегинде.

Новости по дате