http://ktrk.kg/Эки элдин алакасын арттырган "Жуңгого сапар” көрсөтүүсү

Эки элдин алакасын арттырган "Жуңгого сапар” көрсөтүүсү

19 Июнь , 23:39 901

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-кытай элинин достугунун көпүрөсү болгон "Жуңгого сапар” көрсөтүүсү Кыргызстандыктар үчүн эң пайдалуу табылга. Улуу Кытай элинен көп тажрыйбалар алынып жатканын айтышат кыргызстандык көрүүчүлөр. 

Борбор калаанын жогору жагында жайгашкан Көк-Жар айылынын тургуну Мадаркүл Жунушалиева - үй кожойкеси. Эртеден-кечке неберелерин карап, үй-тиричилиги менен алек болот. Сыналгыны таң заардан күйгүзүп коюп, колу бошой калса эле Коомдук биринчи каналда көрсөтүлүп жаткан "Жунгого сапар" сыяктуу көрсөтүүлөрүн көрөөрүн айтат.

Бул көрсөтүү, негизинен кытай элинин чарбачылыгын, маданиятын, экономикасын кызыктуу чагылдыргандыктан үйрөнүп, тажрыйба алууга өтө керектүү жана пайдалуу дейт көрүүчүлөр.

Кыргыз-Кытай элинин ортосундагы мамиле күндөн-күнгө тыгыз бекемделүүдө. Бардык тармактар менен катар маданият жагында да дүркүрөп өсүп-өнүгүүлөр болууда дейт Маданият, маалымат жана туризм министри. 15 жылдан бери экрандан берилип келген бул көрсөтүүнүн кыргыз эли үчүн пайдалуу жана керектүү жагы өтө эле көп. Эки элдин алакасын арттыруучу бул көрсөтүүнүн КТРКдан ар күнү берилип жатканына кубанып кубатташаарын айтышат көрүүчүлөр.


Новости по дате