http://ktrk.kg/ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү

ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү

20 Июнь , 13:20 380

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

20-июнунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы, генералдар, Академиянын ардагерлери, Эргеш Алиев фондунун өкүлдөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, туугандары жана достору катышышты.

Быйыл, ИИМдин Академиясын 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 15 кыздар. Ал эми үчөө артыкчылык дипломдорун алышты. Мындан ары ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү Ички иштер органдарынын толук укуктуу кызматкерлери болуп, бөлүштүрүүлөрдөн соң, аймактарда кызмат өтөөгө киришишет. Эми алар коомдук-коопсуздукту коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу милдетин алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө салтка айланып калгандай бүтүрүүчүлөр Академиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда, КР ИИМдин Академиянын күжүрмөн туусу менен коштошуп, салтанаттык жүрүш менен өтүштү.



Новости по дате