http://ktrk.kg/ "Атамбаевдин иши" боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда

"Атамбаевдин иши" боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда

20 Июнь , 14:00 273

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы буга чейин коюлуп жаткан тогуз айыптын алтоону негиздүү деп таап, аны тиешелүү органдар текшериши керек деген чечимге келди. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Атамбаевдин иши" боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан комиссиянын корутундусу каралып жатат. 

Комиссия - Баш мыйзам, "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу" мыйзамынын 12-беренесине, Жогорку Кеңештин регламентине, "Атайын комиссия тууралуу" жобого жана демилгелүү топтун айыптоолор боюнча кол койгон документине таянып иштедик. 

Жыйынтыгында комиссия буга чейин коюлуп жаткан 9 айыптын алтоону негиздүү деп таап, аны тиешелүү органдар текшериши керек деген чечимге келди, — деди Иманалиев.

Новости по дате