http://ktrk.kg/Жапалак: таза суу маселеси качан жоюлат?

Жапалак: таза суу маселеси качан жоюлат?

20 Июнь , 17:24 272

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан сууга бай мамлекеттердин катарында турганы менен ичүүчү суу боюнча, өзгөчө элет жеринде көйгөйлөр көп. "Элдик репортер" рубрикасына Ош облусуна караштуу Жапалак айылынын тургундарынан буга чейин да суу маселеси боюнча билдирүүлөр көп келген. Суу маселеси чечилбей келгенине нааразы болгон тургундар, бүгүн да видео тартып жиберишкен. 

Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылында бир күндө 1-2 саатка жетпей суу өчүрүлөт. Бул суубузда ылай аралаш агат. Сууну алганга жетишпей калган күндөрү суусуз отурабыз,- деп Каримов көчөсүнүн тургуну билдирүү калтырган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате