http://ktrk.kg/Кыргызстандын аймагында радиотелеберүүлөрдү таркатуунун сапаты кандай?

Кыргызстандын аймагында радиотелеберүүлөрдү таркатуунун сапаты кандай?

21 Июнь , 12:22 620

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын аймагында радиотелеберүүлөрдү таркатуу мүмкүнчүлүгү боюнча Биринчи радионун түз эфирдеги “Күндүн темасы” уктуруусуна Радио рейдерлик магистралдарынын теле жана радио берүү боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР) башкы директору Усан Жанузаков жана КТРК Техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Искен Касымов катышып, коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берди.

Телерадиоберүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, сапаты тууралуу маалымат берилип, калктын маалымат коопсуздугун сактоодо телерадиоберүүнүн ролу белгиленди. Белгилүү болгондой, сапаттуу телеберүүнү камсыздоого РПО РМТР ишканасы жооп берет. Бирок, өзгөчө аймактардагы телерадиоберүүлөрдүн сапаттуулугуна жергиликтүү бийлик да жоопкерчиликтүү болуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жеринде биринчи жардамды көрсөтүшү керек.

КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Искен Касымов билдиргендей, өзгөчө кыш мезгилинде жарандар көп телефон чалып, эң жөнөкөй мүчүлүштүктөрдү чече алышпай кыйналышат. Мисалы, антенналар туура эмес коюлуп калат, сыналгыны тууралоо, электр энергиясынын кубаттуулугу аз болгон учурда да телерадионун сапаты начар болот.

2017-жылы Кыргызстанда толугу менен аналогдук телеберүү өчүрүлүп, санарипке өткөн. Бул жаңы этапта телеканалдардын сапаты жогорулап, саны да өсүп, телеканалдар ортосунда атаандаштык күчөдү.  

Санариптик телеберүүнүн артыкчылыктарына кайрылсак, аналогдук телекөрсөтүүдөн айырмаланып, көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, саны өсөт. Санариптик телеберүү жарандарыбызга келечекте жаңы технологиялардын жардамында интерактивдүү жана мультимедиялык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. 


Новости по дате