http://ktrk.kg/Өкмөт: чыгашалуу ишканалар мамлекетке кереги жок

Өкмөт: чыгашалуу ишканалар мамлекетке кереги жок

22 Июнь , 13:42 487

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Экономикага пайда алып келбеген, чыгашалуу ишканалардын мамлекетке кереги жок. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана үстүбүздөгү жылдын 5 айына карата жыйынтыгы каралган кеңешмеде билдирди. 

Анда белгиленгендей, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчү төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарууда. Бул «Альфа Телеком», «ТНК «Дастан», «Ишкерликти өнүктүрүү фонду», «Нарын ГЭС», «Найман ГЭС» акционердик коомдору сыяктуу жана башка бир катар ишканаларга тийиштүү.  «Бишкек машина куруу заводу» ААК жана «Кепилдик фонду» ААК сыяктуу компаниялардын сарптоо пландары 206,08% жана 162,38% көбөйгөн. 


Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүгүн жогорулатуу - Өкмөттүн ишинин артыкчылыктарынын бири. Буга байланыштуу Премьер-министр Экономика министрлигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды. 

Өкмөт башчы белгилегендей, «Улуттук башкаруучу компания» Аачык акционардык коомду түзүү мамлекеттик компанияларды холдингдер модели боюнча башкаруунун борбордоштурулган тутумун киргизүүгө жана ишке топ-менеджерлерди тартууга шарт түзөт. Ошондой эле бул өлкө экономикасынын кызыкчылыгында мамлекеттик компанияларга кошумча ресурстарды жана инвестицияларды тартууга багытталган чечимдерди кабыл алууну өбөлгөлөйт.



Новости по дате