http://ktrk.kg/Бишкекте пауэрлифтинг боюнча биринчилик өттү

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча биринчилик өттү

24 Июнь , 10:53 414

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты өттү. Биринчиликте Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын спортчулары күч сынашты. Чемпионат экинчи ирет өтүп жатат. 

Беттешке орусиялык эл аралык байкоочу Владимир Омельков көз салды. 60 кг салмакта Ислам Арипов биринчи орунду багындырса, Андрей Ким 67,5 кг салмакта биринчи болду. Вячеслав Бондарев болсо 90 кг салмактагылар арасында алдыга чыкты. Ал эми Алматык шаарынан келген Ефим Емцев 125 кг салмакта күч сынашып, биринчиликти илип кетти.

Новости по дате