http://ktrk.kg/УКМК соцтармактарда күмөндүү постторду жарыялагандарды иликтейт

УКМК соцтармактарда күмөндүү постторду жарыялагандарды иликтейт

24 Июнь , 10:33 429

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы күмөндүү постторду жарыялаган аккаунттардын артында кимдер турганын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп турмакчы. Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык чагымчылдыкка алып келген материалдарды жарыялаган жарандар мыйзам чегинде жазаланат. 

"Кимдир бирөөгө жалган-жалаа жапкан мындай материалдар өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жарака кетирүү максатында жарыяланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

УКМК мындай маанидеги постторду жарыялаган аккаунттардын артында кимдер турганын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп турмакчы. Ошондой эле, комитет региондор аралык жаңжалга чакырган материалдар үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.

Новости по дате