http://ktrk.kg/Унаа дарыяга кулап, эки адамдын өмүрү кыйылды

Унаа дарыяга кулап, эки адамдын өмүрү кыйылды

24 Июнь , 16:00 521

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто Ак-Буура дарыясына автоунаа кулап кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. 

Маалыматка ылайык, окуя Ош-Папан - Кожо-Келең жолунун 30-чакырымында болгон. Дарыяга кулаган унаанын ичинен табылган 43 жаштагы айдоочу жана 10 жаштагы жеткинчектин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Новости по дате