http://ktrk.kg/Кыргызстан-Катар: эки мамлекеттин кызматташтык багыттары талкууланды

Кыргызстан-Катар: эки мамлекеттин кызматташтык багыттары талкууланды

25 Июнь , 10:03 389

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, 24-июнда Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Кайрымдуулук иштери боюнча кызматынын Башкы директору Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. 

Сүйлѳшүү учурунда эки мамлекеттин ортосундагы гуманитардык жана кайрымдуулук тармактарындагы кызматташтык багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасында бир катар социалдык-гуманитардык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана социалдык колдоого муктаж болгон адамдарга жардам берүү маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо жана чогуу иштердин приоритеттик тармактарын аныктоо максатында ар кандай деңгээлдеги бир нече өз ара сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Новости по дате