http://ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Балдардын гармониялуу өнүгүүсү - мамлекеттин артыкчылыктуу багыты"

Сооронбай Жээнбеков: "Балдардын гармониялуу өнүгүүсү - мамлекеттин артыкчылыктуу багыты"

25 Июнь , 11:12 622

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Балдардын гармониялуу өнүгүүсү - мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат». Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган улуттук форумда баса белгиледи. 

"Биз илгертен эле балага карата болгон баалуулуктарды аздектеген коом болуп келгенбиз. Ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоң камкордук менен өстүргөн. Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү да жаман эмес", - деди Президент. 

Өлкө башчысы белгилегендей, кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты. Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү. Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды. 

Эч ким жынысы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, жаш курагы, саясий ынанымдары, билими, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого алынышы мүмкүн эмес экендиги каралган. Балдардын ар бири — дене боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл жашоо деңгээлине укуктуу. Белгилей кетсек, 2006-жылы Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп балдар жөнүндө кодексти кабыл алган.

Новости по дате