http://ktrk.kg/Мырза-Аке: катуу ылдамдыкта жүргөн унаалар кооптуулук жаратууда

Мырза-Аке: катуу ылдамдыкта жүргөн унаалар кооптуулук жаратууда

25 Июнь , 14:12 140

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жайгашкан Шамши Койлюбаев көчөсөнүн тургуну рубрикага билдирүү жиберген. Анын айтымында, 

Кара-Кулжа трассасында Шамши Койлюбаев көчөсүндө унаа каттамы тынбайт, айыл ичинде катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Бул жол менен окуучулар да мектепке барышат. 1 ай мурун ушул жолдон катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа өспүрүм кызды сүзүп кеткен. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлер жок. Камера орнотуп коюшса. Бийликтегилер шаарды эле эмес, ушундай айылдарды да карап койсо,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате