http://ktrk.kg/Курулушу бүтпөгөн көпүрө

Курулушу бүтпөгөн көпүрө

25 Июнь , 17:01 175

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Лейлек районунун Өзгөрүш айылында көпүрөсү боюнча буга чейин да "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү келген. Бул көпүрөнүн курулуш иштери 1 жылдан бери бүтпөй карапайым элди кыйнап жатат. Азыр абдан кооптуу болуп турат. 

Суу күндөн-күнгө көп келип көпүрөнүн астын алып кетип жатат. Бүгүн көпүрөдөн өтүп бара жатып, уйларыбыз түшүп кетип араң чыгардык. Коркунучтуу абалда калдык, жогору жактан акча каралбай калып токтотуп таштаган бир канча ирет өкмөткө кайрылдык бирок жардам болбой жатат,- деген айыл тургуну билдирүү жиберген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате