http://ktrk.kg/Карызга батып, качып кеткен пансионат ээлери

Карызга батып, качып кеткен пансионат ээлери

26 Июнь , 14:12 2957

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районундагы айрым эс алуу жайлары былтыркы жылы колдонгон электр энергиясын үчүн карызын төлөй элек. Айрым пансионаттар былтыр жайкы убактагы акыркы бир айда керектеген электр энергиясы үчүн акча төлөбөй качып кеткендери бар. Ал эми карыздары жүз миңдеген сом каражат. Ким канча карыз жана алар кайсы эс алуу жайлары?

Былтыр жайы бою электр энергиясын мыйзамдуу колдонуп,бирок акыркы август жана сентябрь айлары үчүн акча каржатын төлөбөй кеткен пансионаттардын тизмеси.

Электр энергиясына карыз пансионаттар жана жеке ишкерлер
Чок-Тал айылындагы жеке ишкер Мария Кайназаровага таандык кичи пансионат карызы 106 миң 563 сом.
Казакстанга тиешелүү «Олимп» ден соолукту чыңдоо жана спорт борбору 166 миң 487 сом
КРдин Илимдер Улуттук академиясына караштуу балдардын ден соолугун чыңдоочу “Илим” борбору 190 миң 693 сом
“Фонтан” пансионаты 247 миң 173 сом
“Чолпон-Ата” эс алуу үйү 408 миң 054 сом
“Бура” жоопкерчилиги чектелген коому, пансионат 193 миң 941 сом
“Дордой Номад” маданий комплекси 116миң 682 сом
Бостери айылындагы жеке ишкер Кадыр Чалжановго таандык кичи пансионат 320 миң 860 сом
Чолпон-Ата шаарындагы жеке ишкер Таалай Турдалиевге тийиштүү жаңы курулуп жаткан пансионат. Мурдагы “Книги” дүкөнү 347 миң 757 сом
Казакстанга тийиштүү “Фламинго ЛТД” пансионаты 102 миң 130 сом

Эс алуу убактысы башталса да мындай карыз болгон пансионаттар эми карызынан толук кутулмайын электр энергиясына кошулбайт. Эске сала кетсек азыр эс алуу жайларына, кызмат көрсөтүүчү жайларга күчөтүлгөн тартипте рейд иштери уюштурулуп жатат. Себеби электр энергиясын ар кандай ыкмалар менен уурдаган фактылар күч алды.

Электр энергиясынан ажыратылып, бирок энергетиктер тарабынан мыйзамсыз электр энергиясын колдонуп жатканы аныкталган болсо миллиондогон айып акчалар салынат. 

Мындан сырткары пансионаттардын карыздары боюнча сот органдары карап жаткан бир нече иш бар. Алар боюнча сот иштери бир нече жылдан бери созулуп келүүдө.

Новости по дате