http://ktrk.kg/ЖККУ жыйынында аймактагы коопсуздук маселелери талкууланды

ЖККУ жыйынында аймактагы коопсуздук маселелери талкууланды

27 Июнь , 22:54 492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйыны өттү. Анда эл аралык террорчулук жана экстремизме каршы турууда кошумча чараларды колдонгон аймактагы коопсуздук маселелери талкууланды. 

Жыйын адегенде тар, андан кийин кеңейтилген курамда жүрдү. Отурумдун соңунда алты документке кол коюлду жана эки чечим жактырылды. Бул негизинен тажик-афган чек арасындагы чыңалган абалды басандатуу боюнча кошумча чараларды көрүү, Бириккен Улуттар Уюмунун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын чогуу ишке ашыруу өңдүү документтер. Кошумчалай кетсек, ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Тажикстан жана Армения мамлекеттери мүчө.

“Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин коопсуздугуна кедергисин тийгишизиши мүмкүн болгон заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча кадамдарды талкууладык. Биздин уюмдун террорчулукка каршы жүргүзүп жаткан ишине да басым жасалды. Тажик- афган чек арасына чектешкен аймактагы абал талкууланды",- деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. 



Новости по дате