http://ktrk.kg/Кремль Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча

Кремль Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча

28 Июнь , 10:06 279

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кремль Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышын Кыргызстандын ички маселеси деп эсептейт. Бул тууралуу Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА "Новости" жазды. 

"Бул ар бир өлкөнүн өзүнүн ички маселеси. Мындай иштерге кийлигишүүгө биздин эч кандай акыбыз жок", - деди Песков. Ал эми "экс" макамынан ажыратуу кадамы канчалык туура же туура эмес болгону тууралуу суроого "сын айтууга болбойт, себеби ар бир өлкөнүн өзүнүн практикасы бар" деп жооп берди.

Новости по дате